06:10
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

«Бийликти басып алууга» айыпталган беш кишинин төртөө камакта калды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн» деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынып, бирөө үй камагына чыгарылды.

Алардын бөгөт чарасы бүгүн 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралганын бул мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сот УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Роза Нурматованы, Гүлжигит Исаковду жана дагы эки кишини 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Ал эми Чолпонбек Сыдыкбаевди тергөөчү үй камагына алуу тууралуу өтүнүч келтирди, сот аны да канааттандырды.

Жапырт протест жана масштабдуу башаламандык акцияларын уюштуруп, натыйжада бийликти күч менен басып алууга бир жылдан бери жашыруун даярдык көрүп жүргөн адамдар тобу аныкталганын, алардын башында «Элдик кеңеш» саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова турганын, чогултулган аудио жана видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгонун УКМК 6-июнда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул топко ар кайсы аймактардан 100дөй адам тартылган, 5-июнда 30дан ашууну УКМКга суракка чакырылып, алардын бешөө кармалган.

Роза Нурматова 2010-жылдан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабын башкарып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болгон.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү катары белгилүү Гүлжигит Исаков 2019-жылы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине катышкандан кийин милиция анын ата-энесинин үйүнө барып, бир тууганын суракка чакырган. Исаков азыркы бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Кемпир-Абад маселеси боюнча өз позициясын билдирип жүрчү.

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек СыдыкбаевЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучусу.

Ал эми кармалгандардын арасынан калган экөөнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар