«Вебкам» студияларынын башчысы Даниэль Ажиев Өзбекстанда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Даниэль Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү жүрдү.
УКМК билдирүүсүндө, Ажиевдин студиясында интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, «моделдер» делген кыздарды видеого тартып турушкан.
«Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт. Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды», — дейт УКМК.
Даниэль Ажиев өзү Өзбекстандан Бириккен Араб Эмиратына учууга камынып жаткан жеринен кармалды.
Өзбекстан аны Кыргызстанга өткөрүп берди.

