Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон бүгүн Чолпон-Ата шаарында жолугушту.
Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, тараптар «чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты».
Ошондой эле Жапаров менен Рахмон чек араны аныктоо боюнча «учурда жетишкен натыйжага канааттануусун билдиришти».
Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

