Элдик курултайдын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынан курултай боюнча президенттик администрация сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алуу талабын койду. Бул тууралуу бүгүн курултайдын аксакалардан кеңешинин жана аймактардан шайланган делегаттары маалымат жыйында айтышты.
Эсенгул Исаковдун айтымында, парламент экинчи окууда карап жаткан мыйзам долбоордун кереги жок.
«Курултайдын буту колун кесип салган мыйзам долбоордун кереги жок. Акыркы сөз эми Садыр Жапаровдо. Мындай мыйзам кабыл алына турган болсо, анда курултай жок эле жашашыбыз керек», — дейт ал.
Эсенгул Исаков Жогорку Кеңеш Элдик курултайдын маңызын түшүнбөй, аны атаандаш катары көрүп жатканын айтты.
«Делегаттар — депутаттардын жардамчылары. Биз ар бир райондун өкүлдөрү катары, бизге ушундай депутаттар керекпи деген суроону коебуз. Эгер алар элди дүрбөлөңгө салса, анда мандатын алып эле кайра жөнөтүп коелу», — дейт ал.
Чүй облусунун өкүлү Анарбек Шаршеев Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору биринчи вариантта кабыл алынбаса, бүт өлкө боюнча депутаттардын мандатын чакырып алуу процесси башталарын белгиледи.
Маалымат жыйында Элдик курултайды коргоо комитети түзүлгөнү айтылды.