05:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Академиянын профессору Айнур Жоробекова «улукттук крокодил» ким экенин айтты

Дипломатиялык академиянын профессору Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта Айнур Жоробекованын орус тилинин Кыргызстандагы орду боюнча сөзүндө «улуттук крокодилдер» деген сөздү колдонгон.

«Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Орус тилдүү мектептер, биздин «улуттук крокодилдерге» жага бербегени менен жогорку окуу жайларда дагы орус тилинде окутуу басымдуу кылат», — дейт окутуучу.

Айнур Жоробекованын айтымында, «улуктту крокодил» — - бул экспреттин чөйрөдө айтылуучу термин.

«Ал тил маселесин көтөрүп, коомчулукту дүрбөлөткөндөр жөнүндө айтылат. Менин пикиримде орус тилин кыргыз тилин чектөө менен сактап калуу туура эмес», — дейт Айнур Жоробекова.

Эң көп окулган жаңылыктар