22:07
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Кытай Борбор Азиянын коопсуздук тармагындагы дараметин бекемдөөгө жардам берет

Кытайдын лидери дүйнөгө туруктуу, өнүккөн жана күчтүү байланыштары бар Борбор Азия керек экенин билдирди. «Синьхуа» агенттиги кабарлагандай, Си Цзиньпин бул тууралуу 19-майда «Кытай — Борбор Азия» саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Кытайдын лидери Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо органдарынын коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө тууралуу айтып, Бээжин аймактагы өлкөлөрдүн «эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн» колдой турганын билдирди. Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнө энергетика жана атомду тынчтык максаттарда пайдалануу тармактарында кызматташууну сунуштап, Кытайга мунай жана газ экспортун көбөйтүүгө чакырды.

Сиань шаарында өтүп жаткан «Кытай — Борбор Азия» саммитине Борбор Азиядагы беш мамлекеттин — Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар