08:26
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Депутат Бакиевден интервью алган журналисти кызматтан алууну талап кылды

Депутат Элвира Сурабалдиева мурдакы президент Курманбек Бакиевден интервью алган журналист, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевди кызматтан алууну талабы коюлду.

Ал Кадыр Кошалиевдин ээлеген кызматына татыктуу эместигин белгиледи.

«100дөгөн кишиге ок аткан адамдан интервью алыптыр. Фактыларды бурмалап, өзүн актаганга жол бербеш керек. Курултай — бул элге калыс мамиле кылган жыйын. Бул аксакаларда Элдик курултайды жетектөөгө укугу жок», — деди Элвира Сурабалдиева.

Ал Кадыр Кошалиевдин УТРКда иштерин айтып, аны кызматтан алууну сунуштады. Андан сырткары, президенттик администрациядан качкын президентти актоо аракети боюнча түшүндүрмө талап кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар