05:09
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Кыргызстанда казино ачууга биринчи расмий лицензия берилди

Кыргызстанда казино ачууга биринчи расмий лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик финансалык көзөмөл департаменти билдирди.

«ГРАНД КАЗИНО» жабык акционердик коому 84 миллион сомго лицензия сатып алды.

Юстиция министрлигинин маалыматында, компаниянын жетекчиси Адилет Абдыманапов. «ГРАНД КАЗИНО» 2022-жылдын ноябрь айында каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда казино ачууга уруксат берген мыйзамга Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар