15:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бала бакча ордуна көп кабатуу үй салган KGgroup компаниясынын жетечиси кармалды

Курулуш компанияларынын биринин негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, «О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок «Бишкек Главархитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемелеринин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ал адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үй куруп, аны сатып жиберген. Ал эми Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары бала бакчасыз калган.

Мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилип, ал ушул күнгө чейин «О» компаниясы тарабынан төлөнбөй келген.

26-октябрында компаниянын ээси Т.И.А. (Ташов Имамидин Асамидинович) кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыштарга тиешеси бар башка башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар