18:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте бомба боюнча билдирүүдөн улам бир мектепте окуу токтотулду

Бишкекте № 4 мектепке бомба коюлганы боюнча билдирүү түштү. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жардыруучу зат боюнча 11.00дө кабарланды. Окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, 20-январда, 22-мартта жана 2-апрелде мектептерде бомба коюлганы боюнча маалымат түшүп, бирөөсү дагы такталган эмес.

УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов парламентте бомба боюнча маалымат электрондук даректерге жөнөтүлүп жатканын, ал аккаунттар Украина менен Россияда катталып, ээсин табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар