03:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЦУМда жарылуу заты катылган деген билдирүү тараткан аял кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 9-августта Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектүү катары Сокулук районунун тургунун кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 10-августта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 27 жаштагы келин аталган соода борборунда ижарага орун алып иштетип жаткан күйөөсү менен таарыныша кетип, имараттын ичинде бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы тууралуу жалган маалымат тараткан. Факт Жазык кодексинин «Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо» деген 246-беренесинин негизинде каттоого алынып, кылмышка тиешеси бар башка да адамдар изделүүдө.

УКМК «телефон террорчусу» экени сотто такталган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экенин эскертти.

Кылмыштын мындай түрүнө барган адамдар колго түшүрүлгөн учурлар Бишкекте, анын ичинде «Айчүрөктө» буга чейин да бир нече жолу катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар