02:19
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Казакстан эмнеге талибдер менен кызматташып жатканын түшүндүрдү

Казакстандын соода министри Серик Жумангарин Астана эмнеге Ооганстан менен соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүп жатканы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу «Информбюро» басылмасы кабарлады.

«Биз Ооганстан менен кызматташып жатабыз. Болгондо да соодабыз жакшы жүрүп, анын көлөмү 1 миллиард долларга жетти. Мисал катары айтсам, бул биздин Азербайжан, Түркмөнстан менен соодабыздан көп. Саясат саясаты менен, бирок экономика деген экономика. Биз Ооганстан менен соода кызматташтыгыбызды мындан ары да кеңейтебиз. Биз мындан да көбүрөөк буудай, ун, өсүмдүк майын жеткире алабыз. Анан эмнеге мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартышыбыз керек? Жыйынтыгында бул биздин мамлекетке пайда алып келет», — деди Жумангарин.

Өткөн жумада казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстандын Герат шаарында Казакстандын соода үйү ачылганын билдирген. Жумангарин Астана ал жакка өз өкүлүн дайындаганын, ал соода үйдүн ишин көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

«Ооганстан чоң жана көп тармактуу өлкө. Анын базарын изилдеп, жергиликтүү ишкерлер менен таанышуу зарыл. Мен Астанага ооган бизнесмендерин чакырып, бизнес-форум өткөргүм келет. Алар Казакстанды көрүп, биздин мүмкүнчүлүктөр менен таанышсын. Акыркы жолу биз Кабулга азык-түлүк ташыган гана эмес, жер казынасы менен алектенген ишкерлерди да алып барганбыз. Анткени жер казынасы жагынан Ооганстан кыйла бай өлкө», — деди Жумангарин.

Эң көп окулган жаңылыктар