10:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Июнь коогасы: Ошто издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы июнь коогасына шек саналып камакка алынганын билдирди. Анда Улуттук коопсуздук комитети менен бирге жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде буга чейин издөөдө жүргөн Абдуллаева 22-апрелде колго түшкөнү айтылат.

"Карамат Абдуллаева Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. Абдуллаева 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Толугураак маалымат кийинчерек берилет«,-деп жазылган маалыматта.

Абдуллаева 2010-жылга чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган.

УКМК 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.

Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бул иштин алкагында сурак берген.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, «куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду» деген корутунду чыгарган.

Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар