15:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Кыргызстан дүйнө жүзүнө жакшы жактары менен гана таанылат

Аксы окуясы — дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясый окуя. Бул тууралуу президенттин Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата билдирүүсүндө айтылат.

Садыр Жапаровдун пикиринде, бул өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгон.

«Ал Кыргызстан тарыхынын саясий өнүгүүсүндө коомдук аң-сезимди өзгөртүү менен жалпы өлкөдөгү саясий трансформациянын өзгөрүшүнө, башкача кадам таштоосуна алып келди. Аксы окуясы экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрттү. «Элдин күчү — сел» дегени чын белем, мамлекет үчүн кайдыгер карабаган, тайманбас жүрөктөрдү ойготту. Ошентип, тарыхтын жүрүшүн өзгөртүп, өзгөчө окуя катары элдин эсинде калды. Аксы окуясы менен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы барагын ачты. Бул күн миң жылдап убакыт өтсө да эскерилип турат», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин пикиринде, Аксы окуясы бийликтин гана эмес, оппозициянын дагы жүзүн ачкан.

«Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык. Тарыхтын эч токтобос агымында жакшысы да, жаманы да бир четтен иргелип келатат. Тарыхчылар дагы бул окуяга далай жолу ар түрдүү өңүттөн карап, өз бааларын беришет. Бир гана нерсе — Аксы окуясы мамлекеттин тарыхында, өлкөнүн өнүгүүсүндө өчпөс из калтырганы өзгөрүүсүз калат», — дейт ал.

Садыр Жапаров мындан ары Кыргызстан дүйнө жүзүнө жакшы жактары менен гана тааныларын белгилейт.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тынчтыкты сүйгөн, кыйын күндө урагыс биримдиктин үлгүсүн көрсөткөн, өнүгүүгө ынтымактуу кадам таштаган, чыныгы демократиялуу, элдик бийликке эгедер, катылгандын катыгын бере турган мамлекет катары калыптанып барабыз», — дейт президент.

Эң көп окулган жаңылыктар