17:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жылдын урунтуу окуялары. Түкүрүк, футбол жана саясатчылардын тиреши

2019-жыл өлкө үчүн адаттагыдай эле саясый окуяларга бай болду. Саясый майданды мурдакы президент Алмазбек Атамбаев ээлеп, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов көмөктөшүп турду.

Жыл ичинде коомчулукка жагымдуу маанайды спортчулар, айрыкча биздин Улуттук футбол курама командасы тартуулады.

24.kg агенттиги жылдын урунтуу окуяларына токтолот.

Түкүргөндөрдүн каршылыгы


Жыл беш жаңы кодексттин ишке кириши менен башталды. Мыйзамдардагы көп өзгөрүүлөрдүн, жаңы эрежелердин ичинен көпчүлүктү түкүрүккө салына турган айып кызыкдырды. Көрсө өлкөдө коомдук жайларда тартынбай эле жерге түкүргөндөр көп экен, социалдык тармакта чаң салышып, айылдан борборго жетип, парламенттин имаратынын алдына келип түкүрүп кеткендер дагы болду.

Иш жүзүндө айыпты салуу жана аны жыйноо жобосу так иштелип чыкпагандыктан эч ким 5 миң 500 сом төлөгөн жок.

Ага карабай, алдын ала убайым жеген «түкүрүктөр» айып пулду миң сомго чейин азайтып тынышты. Бирок, дагы эле түкүрүк үчүн эч ким айыпка жыгыла элек.

Кытайга кыздар тийбесин


Январь Кыргызстанга иштеген кытайлыктарга каршы митинг менен башталды. Коңшу мамлекеттин жарандарына тишин кайрыгандар чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу талабын коюшту. Митингчилерге айрыкча кыргыз кыздарынын кытайларга турмушка чыкканы жага бербейт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Негизи Кыргызстанда иштеген кытайлар жана аларга турмушка чыккан кыздар эмес, коңшудан алган насыядан кутулуу жолу кооптуу.

Футбол — ишеним жана биримдик!


«Ак Шумкар» курама командасынын Азия оюндарынын алкагындагы беттешүүлөрү кыргызстандыктарга дем-күч тартуулады. Команда утулган учурда дагы күйөрмандары аларды колдоп, алкоолор менен тосуп алышты. Айрыкча Дубайда Бириккен Араб Эмираты менен беттешүүдө спортчуларга жакшы колдоо көрсөтүлүп, экиге бөлүнүп, чабышып эле жатып калган өлкө жарандары биримдигин көрсөттү.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Жыл ичинде «Ак Шумкар» Филлипин (3-1), БАЭ (2-3), Япония (0-4), Тажикстан (1-1), Монголия (2-1) менен оюн өткөрдү.

Өмүрбек Бабанов келип-кетип...


«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин төрт айдан кийин Нооруз майрамына карата куттуктоосунда кайра Кыргызстанга келерин билдирип, күч түзүмдөрүн сынап көрдү. Андан кийин апрелде учак билетинин сүрөтүн жарыялап, сөзүн бышыктады. Тарапташтары эл топтоп, концерт даярдап күткөнү менен Өмүрбек Бабанов Москванын аэропортунан кайра артка тартып, коркок аталды.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Москвадан кыйыр көз салып, ыңгайлуу мезгилди күтүп олтурган саясатчы август айында Кой-Таштагы окуянын айланасындагы ызы-чуудан пайдаланып Бишкекке жолун ачып алды.

Бир нече күн катары менен суракка барып, бирок сөзүндө туруп, саясатка аралашкан жок.

Жыл бул саясатчы үчүн келечек жолуна чечүүчү мезгил болду. Декабрь айында партиянын курултайында лидерликти Мирлан Жээнчоровго өткөрүп, саясаттан биротоло кеткенин ырастады.

Кой-Таш: саясый басым, ыр-бий жана адам өлүмү


Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы 27 гектар аянтка салынган үйүнүн короосунун бир бөлүгү жай айында коомдук жайга айланды.

Кол тийбестиги алынгандан кийин Алмазбек Атамбаев шаар ичиндеги кеңсесин Кой-Ташка жылдырып, сепилин сакчылар жана элдер менен курчап алып олтурду.

Күнүнө мал союлуп, казан асылып кеминде 20 адамды тамактандырып жатышты. Кечинде концерт коюлуп, мурдакы президент бийкечтер менен чимириле бийге түшүп, күнүнө бир билдирүү жасап, интервью таркатып, кайра өзүнүн үч кабаттуу үйүнө кирип кетип жатты.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаевдин айрыкча Москвага сапары өзгөчө болду. Мурдакы президент Канттагы авиабаза аркылуу чартердик рейс менен учуп барып келди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка барбай, үйүнө келген ички иштер министринин орун басарын киргизбей, мыйзамдарга баш ийбей, ошол эле учурда өзү «Кыргызстан укук талаасынан чыгып кетти» деп кайталап олтурду.

8-9-августта мурдакы президентти кармоо операция болуп, анда «Альфанын» жоокери Үсөн Ниязбеков окко учту.

Татаалданган чек ара


Чечүү маселеси улам артка жылып, кечигип келе жаткан чек ара маселеси өзүнүн чегине жетти. Бир жыл ичинде кыргыз-тажик чек арасында 14 келишпестик катталды. Бир кыргыз аскери окко учуп, 10 ашык аскер жана жөнөкөй жарандар жарадар болушту.

Эң оор кагылышуу Лейлек районунун Максат айылында болду. Мында Тажикстан тарап Кыргызстан менен чекке оор аскер техникасын алып келип, айылды миномет менен аткылады.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактары — эң татаал жерлер.

Андрей Малаховду кечирим сураттык


Россиянын белгилүү шоумени Андрей Малахов өз берүүсүндө кыргызстандыктарды кемсинтип сынга кабылды. Алып баруучунун социалдык тармактагы баракчасына бир күндө 20 миңдей киши сындап билдирүү калтырды. Социалдык тармакта Андрей Малаховдун кечирим суроосун талап кылган акция жарыяланып, аны белгилүү инсандардан тарта колдоого алышты. Малахов акыркы өзүнүн берүүсү аркылуу кечирим сурап тынды.

Сырдуу «Раим миллиондун» жүзү ачылганда


Лакап аты өлкөгө белгилүү болгону менен бир эле сүрөтү менен чектелип, эл алдына чыкпаган «Раим миллион» бул жылы акыры жүзүн ачты. Алгач ал мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин айыптоолоруна карата жооп берүү үчүн видео кайрылуу жазып элге чыкса, кийин УКМКга суракка келди.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Райымбек Матраимов

Негизи бул жыл ичинде Райымбек Матраимов дагы Өмүрбек Бабановдой эле кетти-келди болуп, арсар ойдо ары-бери баскандай болду. Коомдогу терс маанайдан кийин Райымбек Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык байлыгын иликтөө, бул боюнча журналисттерге маалымат берген Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин ал Кыргызстанга кайтып келип, «чындык үчүн күрөшөрүн» жарыялады.

Күрөшүн Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg агенттигин жалпысынан 60 миллион сомго сотко берүү менен баштады.

Оор жоготуулар

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров адилеттүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен өзгөчөлөнүп, күндүн көйгөйлөрүнө заманбап көз-карашы менен айырмаланчу. Ал быйыл 81 жашында көз жумду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Болот Шамшиев

Таланттуу режиссер, «Кыргыз кереметин» жаратуучулардын бири Болот Шамшиев жыл соңунда 78 жашында өмүр менен кош айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар