09:39
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Милдетин аткара алган жок. Оштун жетекчилери кызматтан бошотулду

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. 

Президенттин чечими менен:

  • Зиядин Жамалдинов президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Турусбек Ногоев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Министрлер Кабинетинин чечими менен Данияр Жаныкулов президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. 

Эң көп окулган жаңылыктар