Быйыл ажылык баасы 3,9 миң долларды түзөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Ал каражат төмөнкү чыгымдарга сарпталат:
— Учуп барып келүү- 1 миң 360 доллар;
— Сауд Арабияда мейманкана, транспорт жана башка чыгымдар — 2080,19 доллар;
— Ажылык иштери уюштуруу (ажы башчылардын чыгымы, зыяратчылардын кийими, эмдөө жана башка чыгымдар) — 459,81 доллар.
Ажыга баруу үчүн 1 миң доллар төлөгөндөр эми 17-апрелден кечикпей калган сумманы РСК Банктагы эсепке которушу керек.
Белгилей кетсек, былтыры ажылык сапар 4,5 миң доллар турган. Быйыл муфтият зыяратчыларга 5 миң долларга VIP-кызмат дагы сунуштоодо,