08:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

CNN: Киев аскердик пландарын өзгөртүүгө аргасыз болду

Пентагондун жашыруун документтери ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу Киев айрым аскердик пландарын өзгөрттү. Бул тууралуу CNN телеканалы Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жакын булакка таянып кабарлады.

Билдирүүдө кандай пландар өзгөргөнү так айтылган жок. Ошол эле маалда Пентагон адатта күн сайын өкмөттөгү жүздөгөн адамга жеткиликтүү болгон өзгөчө маанилүү документтердин санын кыскартканы белгиленген.

АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн, союздаштарынын жана өнөктөштөрүнүн улуттук коопуздугуна тийгизген таасирин аныктоо үчүн интернетке жарыяланган документтердин аныктыгын текшере баштады. Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингхтын айтымында, текшерүүнү АКШнын Юстиция министрлиги жүрүзүп жатат.

Жашыруун документтер, анын ичинде Украинанын контрчабуулдарына, курал-жарак жеткирүүгө, аскерлердин санына, Жакынкы Чыгыш жана Кытайга тиешелүү маалыматтар интернетте март айынын аягында тараган.

Документтердин биринде Украинанын чабуулга даярданып жаткан бригадаларынын машыгуулары, танктары, брондолгон унаалары жана батыш өнөктөштөрүнүн Киевге берген жардамынын тизмеси жарыяланган.

Пентагондогу анонимдүү булактар бул документтер чын болушу мүмкүн экенин мойнуна алышты.

Украин президентинин кеңсеси жарыяланган маалыматтарды «фотошоп» деп атады. Киев документтерди ачыкка чыгаруу операциясы Орусияга таандык болушу мүмкүн экенин да четке какпайт. Москва Украинадагы жаңжалга АКШ менен НАТОнун түздөн-түз же кыйыр тиешеси бар экенинен күмөнү жок экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар