2022-жылдын жыйынтыгы менен 227 аял мурдакы күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары билдирди.
Ал Үй-бүлөлүк кодекске ылайык карыган ата-энелер карабай койгон балдарынан дагы алимент чегерүүгө укуктуу экенин белгиледи.
«Мыйзамда балдар ата-энесин багууга милдеттүү экендиги айтылган. Бирок бизде балдарынан, туугандарынан алимент талап кылып кайрылган учур боло элек», — деди ал.