06:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алименттер тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталды

Алименттер тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүү талап кылынат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында жарандык активист Ак-Мөөр Жанболотова билдирди. Ал мындан бир жыл мурун «Апа- сен жалгыз эмессиң» аттуу кыймылды активисттер түзгөнүн айтты.

Аталган кыймыл аялдардын ажырашуу процессинде жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө, мүлктөрдү бөлүштүрүүдө жана алимент алууда жардам берет.

«Азыркы мыйзам эскирип калганын түшүндүк, ал 1990-жылдары кабыл алынган. Эми жаңы түзөтүүлөргө муктаж. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы мыйзам иштеп чыгышты», -деп баса белгиледи Ак-Мөөр Жанболотова.

Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүү боюнча демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова алименттин көлөмүн көбөйтүүчү норма киргизилип жатканын кошумчалады. «Эгер мурда ата-эне айына 100-200 сом төлөп келген болсо, учурда төлөмдөрдү баланын жашоо минимумуна жараша көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Бул 1 миң 800 сом», — деди ал.

Дагы бир жаңылык- баланы чет өлкөгө алып чыгууда процедураларды өзгөртүү. Учурда муну эки жактын (ата-эненин) уруксаты менен жасоого болот. Эгерде алардын бири уруксат бербесе (эгерде бала ооруп, чет жактан операция кылууга муктаж болсо дагы), анда бала өлкөдөн чыгып кете албай калат.

«Соттор ата-энелердин бирөөсүнүн арызын бир айдын ичинде карап, оор учурларда четке чыгууга уруксат берсин деп сунуштап жатабыз», -деди Айсулуу Мамашова. Мындан тышкары демилгечилер алимент төлөбөгөн жарандарга четке чыгууга тыюу салынышын сунуш кылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар