07:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Убада качан аткарылат? Баткенде курулган үйлөрдүн сапатына нараазычылык бар

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан кийин жарым жыл өттү. Анда 60 жаран каза таап, үйлөр өрттөлүп, мүлктөр тонолгон.

Сентябрь айында Садыр Жапаров баткендиктердин үйлөрүн кышка чейин бүтүрүп берүүнү буйруган. Бирок, жаз болсо дагы үйлөр толугу менен бүткөн жок.

Баткен менен Лейлек районунун чек ара чектеш айылдарынын тургундары курулуш иштери токтоп калганын айтышууда.

24.kg агенттигинин журналисты аймактагы кайра калыбына келтирүү иштеринин кечеңдешинин себептерин иликтеди.

Бүтпөгөн курулуш

Зулпидин Сүйүнбек уулу үй-бүлөсү менен бирге сентябрь айынан бери Баткен шаарында батирди ижарага алып жашап келет. Анын Ак-Сай айылындагы үйү толугу менен күйүп кеткен.

Зулпидин Сүйүнбек уулунун үйүнүн курулушу октябрь айында башталды.

«Ноябрь-декабрь айларында дубал тургузулуп, терезени коюшту. Андан кийин жумуш токтоп калды. Чатырын дагы жабышкан жок. Аймактын жетекчиси Абдикарим Алимбаевге кайрылдык бирок ал дагы жыйынтык бербеди», — дейт ал.

Ак-Сайдын тургундары курулуш иштери качан кайра башталарын билишпейт.

Айылга мамлекеттик телеканалдын журналисттери келгенде мен биздин үйдүн дагы тартышын сурандым. Аларга курулуш иштери токтоп турганын айттым. Бирок, журналисттер бүткөн үйлөрдү гана тартуу үчүн келгенин айтышты.Зулпидин Суйунбек уулу

Баткен облусундагы чек арадагы райондорун өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимовдун билдирүүсүндө, Ак-Сайда алты үй бүтпөй турат. Ал курулуш иштери тез арада башталып, 15-апрелге чейин бүтөрүн убадалады.

Белгисиздик

Гүлсана Матмуратова 70 жашта. Ал небереси экөө Интернационал айылындагы чакан тамда жашайт. Анын үйү дагы 2022-жылы сентябрь айында күйүп кеткен.

«Курулуш иштери бир токтоп, бир кайра башталып калат. Усталар бир жума мурда кетип калышты. Курулуш материалдары калбай калыптыр. Куруп жаткан компаниянын телефондорун беришпейт. Эч ким менен байланыша албайбыз. Мен ооруп жүрөм, бирдеме болуп калсам, үйүм бүтпөй калабы деп кабатырмын» — дейт пенсионер.

Анын айтымында, Интернационал айылында жалпысынан беш үй күйүп кеткен. Анын үчөөн гана кайра курушту.

Эптеп-септеп бүтүрмөй

Бүткөн үйлөрдүн сапаты дагы суроо жаратат. Жергиликтүү тургандардын айтымында, эптеп-септеп эле бүтүрүшкөн.

«Дубалды түздөбөй эле гипсокартон чаптап койгон. Облус башчысына кат жолдодук. Биз үйдү долбоордо чийилгендей кылып куруп берүүсүн талап кылабыз», — дейт Капчыгай айылынын тургуну Абдикаллак Назаралиев.

Айыл тургундарынын нараазычылыгына курулуш компаниялары коркутуу менен жооп беришүүдө.

«Барып даттансаң, прокуратура тааныштары аркылуу түрмөгө олтургузарын айтып коркутат. Баардык кемчиликтерди менин мойнума илип коебуз деп айтышат. Эгер мен өзүм курсам, мындай кемчиликтерге жол бермек эмесмин. Мен өзүм курулушчумун», — дейт Абдикаллак Назаралиев.

Капчыгай айылынын дагы бир тургуну Абдималик Бахтияр уулу дагы үйдүн сапатына нараазы. Ал бүткөн үйдү кабыл алуу боюнча документке кол койбойм дейт.

Айыл тургундары үйлөрүн эми кайра оңдоп-түзөөгө туура келерин айтышууда.

Жаз келди. Талаа иштери башталды. Биз үйгө кирип, айыл-чарба иштерин жүргүзүшүбүз керек.Абдималик Бахтияр уулу

Жергиликтүү бийлик айыл тургундарынын сөзүнө кошулбайт. Алардын айтымында, баардык жумуштар талапка жооп берет.

Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Мустаза уулу бүткөн үйлөрдү мамлекеттик комиссия текшерүүдөн өткөрүп жатканын билдирди.

«Комиссия бүткөн үйлөрдүн сапатын толук текшерип жатат. Курулуш компаниялары төлөмдүн 10 пайызын ала элек. Андыктан алар кемчиликтерди оңдошу керек. Андан кийин гана акча толугу менен которулат», — дейт ал.

Усталар акысын ала албай убара

«Интербилим-Ош» борборуна Баткендеги үйлөрдү курган усталар кайрылышкан. Аларга айлык төлөнүп берилбегенин айтышууда. Бирок, ачык айтып чыгуудан коркушат.

Камчыбек деп өзүн тааныштырган жигит дагы Араван районунан барып Баткенде үйлөрдү курган.

«Арка айылындагы эки үйдүн курулушун алдык. Бирин 25-февралда, экинчисин 8-мартта бүтүрүп бердик. Үй ээлери ыракматын айтып, ыраазы болушту. Бирок компания бизге акчаны төлөп бербеди. Алар биздин топко 500 миң сом карыз», — дейт Камчыбек.

Бийлик өкүлдөрү эмне дейт

Баткен облусундагы чек арадагы райондорун өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов 1-апрелге чейин 390 үй толугу менен бүтөрүн айтты. Калган 27 үй 15-апрелге чейин бүтөт.

Аткаминердин айтымында, март айында 58 үйдүн курулушу аяктады.

Мамыржан Рахимов көйгөйлөр бар экенин мойнуна алат.

«Азыр «Алмалуу Доор Курулуш» компаниясынын 5 миллион сомду айлык катары төлөп берүү маселеси каралууда. Ишкананын өкүлү менен жолугушуу өттү. Алар 1-апрелге чейин 57 үйдүн 45 куруп бүтүрөбүз дешти. Калган дагы 12 курулушту 15-апрелге чейин аяктайт. Мамлекеттик комиссия бүгүнкү күнгө 35-40 үйдү гана кабыл алды», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар