Москвада кыргыз менен тажик диаспорасынын өкүлдөрү ооз ачар өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын Москва шаары жана Москва облусу боюнча кеңеши билдирди.
Маалыматка караганда, «Ынтымак жана ынак кошуналык» ооз ачарына диаспора өкүлдөрү, дипломаттар жана дин аалымдары катышкан.
Кечээде ынтымак боюнча сөздөр айтылып, эки тарап бири-бирине сый чапандарын кийгизишти.

