Транспортту милдеттүү түрдө камсыздандыруу мөөнөтү 2024-жылга жылдырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик финансалык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык юридикалык жактар 1 -апрелге чейин транспортун камсыздандыруудан өткөрүү керек. Болбосо айып пул салынат.
Ал эми жеке жактарга 2024-жылдын январына чейин убакыт берилет.