USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

УКМК: Чек арада абал туруктуу

16:49, 22 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирге абалдын туруктуу болушуна багытталган чараларды көрүүдө.

«Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды тынымсыз өткөрүүдө. Анткен менен, акыркы убакытта жергиликтүү калк арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Чек ара кызматы жарандарды ар кандай айың кептерге жана ызы-чууга ишенбөөгө чакырат. Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18