Новопавловка айылдык кеңешинин депутат Тилек Койбаков 5 суткага кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тилек Койбаков майда бейбаштык айыбы менен кармалды.
Белгилей кетсек, Тилек Койбаков «Ак-Ордо» конушундагы үйдү түрттүргөн жерге мас абалында келген. Аны менен жергиликтүү тургандар ортосунда чыр чыккан.