УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун кубаттайт. Бул тууралуу ал соцтармак аркылуу билдирди.
«Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден-соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми», — дейт Камчыбек Ташиев.
Алмазбек Атамбаевге сот 14-февраль күнү баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Ал Испанияда дарыланмакчы.