01:58
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Жыл башынан бери мамлекеттик сатып алуулардын суммасы 43,4 миллиард сомду түздү

2023-жылдын тогуз айында мамлекеттик сатып алуулар порталында 65 миң 711 сатып алуу болуп, алардын жалпы суммасы 43,4 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинде 31,2 миллиард сомго товарлар, 10 миллиард сомго жумуштар, 2,1 миллиард сомго кызматтар жана 21 миллион сомго консультациялар сатылып алынган.

«2023-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан 126 сатып алуучу уюмга 1 миллион 555 миң сом айып пул салынган, анын ичинен 940 миң сом төлөндү», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар