07:10
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Мамлекеттик сатып-алуу тармагындагы жемкорлукту аткаминерлер танбайт

Мамлекеттик сатып -алуу тармагында жемкорлук бар экенин Каржы министрлигинин өкүлдөрү моюнга алышты. Бүгүн Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Абдумажит Юсуровдун суроосуна жооп берип жатып, Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Даникеев: «мамлекеттик сатып алуу тармагы эң көп сынга кабылат. Ал жакта жемкорлук күч», — деди.

Депутаттар аткаминерлер менен бирге бул тармакты иликтеп чыгышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар