22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров Адахан Мадумаров менен дагы чай ичкенин айтты

Президент Садыр Жапаров парламенттин депутаты Адахан Мадумаров менен дагы чай ичип, достошконун «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

Экөөнүн жолугушуусу резиденцияда өткөн.

«Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: «Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү», — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. «Мейли, өзү билсин» дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар