23:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркияга атайын чогулган каражат 50 миллион сомдон ашты

20-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 50 миллион 214 миң сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар