Салык саясатынын туура эместигинен баалар өсүүдө. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы өзү жаңы өзгөрүүлөргө даярдыгы жок болуп, ишкерлердин убакытын алууда.
«Салык саясатынын туура эместигинен баалар өсүүдө. Салык органдары өздөрү даяр эмес экен. Элдер өздөрү саткан товарынын тизмесин берип, кодун сайтка киргиз деп берсе, 1-2 айдан бери салыкчылар басып жатат. Базарда соода токтоп калды. Глобус менен Фрунзенин иши жүрүп жатат. Бирок алардын акчасы чет өлкөгө чыгып кетет», — деди эл өкүлү.