19:42
USD 85.61
EUR 93.38
RUB 1.04

Министрлер кабинети бизнес менен Салык кодексине өзгөртүүлөрдү талкуулады

Министрлер кабинетинде бизнес-коомчулук менен жолугушуу өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев инвестициялык кеңештин катчылыгына жана бизнес-ассоциацияларга экономиканы өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү экономикалык абалдын актуалдуу маселелери, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана өлкөдөгү жалпы бизнес климат талкууланды.

«Инвестициялоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аны жакшыртуу боюнча активдүү кадамдар жасалууда. Ошол эле учурда биз мамлекет менен бизнес бири-бири менен эриш-аркак мамиледе болгон тең салмактуулукту жактайбыз», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, эффективдүү салыктык башкаруунун аркасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жетише алдык, бул өз кезегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын, социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жогорулатууга, ошондой эле бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Күн тартибинде 10 маселе каралып, кеңири талкуудан кийин ар бир маселе боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар