Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 17,8 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумганы белгилүү.
Түркияда кыргыз куткаруучулары иш алып барууда.