03:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 37 миңден ашты

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумганы белгилүү.

Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөдөгү үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала куткарылганы кабарланды. Алар урандылардын алдында 170 саттан ашык убакыт болушкан.

Абалды аба ырайынын сууктугу жана имараттардын конструкциясынын туура эмес түзүлгөндүгү оорлотууда — үйлөр ураганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, анын алдында калган адамдардын тирүү калуу ыктымалдыгын төмөндөткөн. Түркияда мындай имараттардын курулушуна ыктымал жооптуу катары бери дегенде эле 131 кишиге карата тергөө иштери башталганы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар