11:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кочкордо 48 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын областынын Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча «Кадастр» Мамлекеттик ишканасынын Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, аталган орган тарабынан мамлекеттик үрөөн чарбасынын менчигинде турган жер аянты эч кандай укук аныктоочу иш кагаздар жок болсо дагы жеке менчиктеги үрөөн чарба кооперативинин наамына берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, жогоруда аталган 48 миллион сомго бааланган 9,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар