06:55
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды

2023-жылдын 26-январда өткөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстан аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстанга мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. 44 жаштагы Чж. Д. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар