Бишкекте муз тоңгон каналдан алты жашар баланын сөөгү алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Шаардын Каралаев көчөсүндөгү музга жаш бала түшүп кеткен. Аны алып чыгууга 11 куткаруучу тартылды. Жыйынтыгында баланын сөөгү муздун астынан алынды.