17:23
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

ЖКУУнун аскерлери орус курал-жарактары менен гана камсыздалат

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр аскерлерин бир типтүү жана окшош үлгүдөгү курал-жарактар менен камсыздайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

"Бул Россияда чыгарылган курал-жарагы тууралуу кеп болгон жокпу? Биз башка өлкөлөрдөн, мисалы Түркиядан сатып ала албайбызбы?", - деди ал.

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, келишимдеги талап айрым гана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү.

"Биздеги техниканын көпчүлүгү Советтер союзунан калган, андан тышкары Россия берген. Буга байланыштуу келишимге ушундай пункт киргизилди. Бирок. биздин  баардык эле Куралдуу күчтөр ЖККУнун аскер бөлүктөрүнө кирбейт", - деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби