Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын туугандарына таандык «Кудайберген» базары Мамлекеттик салык кызматына 70 миллион сом төлөдү.
Салык кызматынын билдирүүсүндө, декабрь айында базарда текшерүү жүргөн.
«Чынара Мусахожаевга таандык базарда салыкты жашыруу катталып, кошумча 70 миллион 749 миң сом талап кылынды. Бул акча мамлекеттик бюджетке түштү», — дейт ал.
Белгилей кетсек, депутат Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында Өзбекстан менен келишимди колдобогон депутаттарга кысым көрсөтүлүп жатканын айткан. Анда эл өкүлү «Кудайберген» базарында текшерүү жүрүп жатканын билдирген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээси салыкты толук төлөбөй жатканын билдирген.

