09:20
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Казакстан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен 631 миллиард теңгени кайтарды

Казакстанда Январь окуяларынан кийин түзүлгөн «мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу боюнча» атайын комиссия 2022-жылдын алты айында өлкөгө 631 миллиард теңге кайтарылганын билдирди.

Комиссиянын маалыматына караганда, бул сумманын 421 миллиард теңгеси кылмыш иштери боюнча келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун алкагында кайтарылган. Анын ичинен 314 миллиарды акчалай түрдө, 107 миллиард теңгеси баалуу таштар жана металлдар түрүндө келген. Калган сумма монополиядан чыгаруу боюнча иштердин алкагында кайтарылган.

Комиссиянын билдирүүсүндө өлкөдөн мыйзамсыз каражат чыгарууга тиешеси бар делген компаниялардын жана ишкерлердин аты-жөнү жазылган эмес.

«Чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу боюнча» комиссия түзүлгөнүн президент Касым-Жомарт Токаев быйыл 5-июнда, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн күнү билдирген. Комиссиянын курамына укук коргоо органдарынын, атайын жана борбордук аткаруу органдарынын, Улуттук банктын, Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин, фискалдык органдардын жана «Самрук-Казына» фондунун жетекчилери кирген.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Токаев өлкө байлыгынын көбүнө ээлик кылып алган адамдардын тобу жөнүндө бир нече жолу айткан. Ал өлкөнүн экономикалык ресурстарынын бир топтун колуна топтолушуна шарт түзүп, аларга өтө эле көп артыкчылыктарды берген мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгилеген. Айрым талдоочулар азыркы бийликтин чет өлкөлөрдөн активдерди кайтаруу аракетин капиталдарды кайрадан бөлүштүрүү боюнча өнөктүктүн бир бөлүгү катары баалап келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар