Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жол менен жжер семирткичти ташып бара жаткан КамАЗ кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, эки КамАЗда айдоочулар менен бирге контрабандалык жүктүн ээлери болушкан.
Текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон «Селитра» минералдык жер семирткич табылган.
Аларга 160 миң сом айып пул салынып, ошондой эле «А5511L», «03KG105ААL» мамлекеттик номурлуу эки «КамАЗ» жана жалпы салмагы 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды.