23:21
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Өкмөт минералдык жер семирткичтерин экспорттоого убактылуу тыюу салды

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Тийиштүү чечимге премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Минералдык жер семирткичтер Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында кызматташуу тууралуу орун алган 2017-жылдын 5-октябрындагы келишим боюнча, негизинен Өзбекстандан ташылып келинет. Ар жылкы квота 100,0 миң тоннаны түзөт, анын ичинде жазгы-талаа жумуштары мезгилине — 60,0 миң тонна, 40,0 миң тонна көлөмүндөгү калган бөлүгү күз мезгилине туура келет. Мындан тышкары, келип түшкөн жер семирткичтердин 30-35 пайызы Россия жана Казакстанга тийиштүү.

Жыл сайын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого, республикага күз-кыш мезгилинде 30,0-40,0 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтер ташылып келинет. Себүү иштери башталганга, же 1-мартка чейин стратегиялык запас 45,0-50,0 миң тоннадан кем эмес жер семирткичти түзүш керек. Республикада аталган запас камсыздалганда, күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоп жиберүү окуялары болгон.

Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар