11:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда сасык тумоо менен оору күчөп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Султан Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, ооругандардын саны үч эсеге көбөйдү.

Ооругандардын 72,6 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Султан Абдыкадыровдун айтымында, учурда чочко тумоосу менен ооругандар көбөйүүдө.

«Көп жылдан бери оорунун көбөйүшү декабрдын аягына, жогорку көрсөткүч январда болчу. Мектептерге жарыяланган карантин ооруну азайтууга алып келет деген ойдобуз», — дейт ал.

Ал мектептердеги карантин 2-чейректин аягына чейин жылдырышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар