13:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Парижде Кыргызстандын маданий борбору ачылды

Парижде Кыргызстандын маданий борбору ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Франциядагы элчигинин колдоосу менен маданий борбор түзүлдү.

«Маданий борбор кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба, ой-пикир алмашуусун координациялоо, тематикалык жолугушууларды уюштуруу иштерин жүргүзөт», — дейт ТИМ.

Элчи Садык Шер-Нияздын айтымында, борбор кыргыз маданиятын Францияга таанытууга, өлкөнүн бай тарыхына, искусствосуна кызыгуу артырууга жол ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар