09:31
USD 86.50
EUR 91.43
RUB 0.87

Баткенде жабыр тарткандардын 24 миллион сом насыясы жоюлду

2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 24 миллион 716 миң сом суммасында 333 кредит жоюлган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 53 миллион 491 сом суммасында 202 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар