Элдик курултайдын биринчи күнүнүн иши жыйынтыкталды. Төрагасы Кадыр Кошалиевдин айтымында, бүгүнкү иш-чарада 63 делегат жарыш сөзгө чыкты. Биринчи күнү негизинен алыскы аймактардан келгендер сүйлөштү.
«Эртең саат 10:00до элдик курултай өз ишин улантып, Бишкектен шайланган делегаттарга жана интеллигенция өкүлдөрүнө сөз берилет», — деди Кадыр Кошалиев.