12:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун 3 мүчөсү колго түштү. Үчөө тең Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

«Кармалган эки жаран башка мамлекеттин аймагынан «Ислам мамлекети — Хорасан вилаяты» эл аралык террористтик уюмунун катарында террордук аракеттер болгон аймактарга чыгышкан. Х.П. аттуу адам эки жарандын которулушун түздөн-түз координациялап, аларды акча жана чет мамлекеттин жасалма паспорттору менен бир нече өлкөнүн аймактары аркылуу тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздаган», — деп билдирет УКМК.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Х.П. мурда террористтик ишмердүүлүгү үчүн Кыргызстанда соттолгон. Жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал террористтик ишмердүүлүк болгон аймактарга жалданма адамдарды жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишин уланткан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар