НАТОнун парламенттик ассамблеясы 21-ноябрда альянстын бардык мүчөлөрүн орус мамлекетинин азыркы режимин террористтик деп так атоого чакырган резолюцияны бир добуштан кабыл алды.
Документте орус агрессиясы боюнча атайын Эл аралык трибунал түзүү зарылдыгы айтылат.
«Орусия жетекчилиги карапайым калкка жана инфраструктураларга сокку уруу менен мурун болуп көрбөгөндөй наадандыгын көрсөтүп, чыныгы террорчулардай аракеттенүүдө. Биз аларды эл аралык трибуналда террористтер катары соттошубуз керек», — деди НАТОнун парламенттик ассамблеясынын жаңы шайланган төрайымы Жоэль Гарьо-Майлям.
Буга чейин ушундай эле резолюцияны ПАСЕ, мындан тышкары Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Чехия парламентери кабыл алган.
Украина дүйнө өлкөлөрүн Орусияны террорист мамлекет катары таанууга чакырып келет. АКШ администрациясы октябрда Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары колдоого даяр эместинин билдирген. Себеби Ак үй Орусияны толугу менен террорист өлкө катары таануу өтө олуттуу тармактарда кызматташуу мүмкүндүгүнө толугу менен бөгөт коет деп эсептейт. Күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да бул демилгеге каршы чыккан.

