20:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Беш айда 15 мектеп эч качан курулган эмес

"Буга чейин борбор шаарыбызда 15 билим берүү мекемеси 5 ай ичинде курулуп, пайдаланууга берилген учур болгон эмес«,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте курулган мектептердин ачылуу аземинде.

Анын айтымында, мектеп, бала-бакча маселеси жакынкы эки жылда чечилет.

«Эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Анын барын куруп бүтүп, азыр эле санын алдым, 80ден ашык мектеп калыптыр. Жараксыз, окуганга болбойт деген мектептер. 60-70-жылдары курулган мектептер. Кудай буюрса алдыда дагы эки-үч жылда толук салып бүтүп, мектеп, бала бакча маселесин чечебиз», — деди ал.

«25 окуучуга ылайыкталган класстарга мынчалык көп баланын окуп жаткандыгы, албетте, билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизери турган иш! Ошол эле маалда, тилекке каршы, мындай көрүнүш уланып жаткан кезде, 40-50 окуучуга билим берүүгө аракет кылган мугалимдерибизге ыраазычылык гана билдиришибиз керек», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар