12:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

10-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар